Жаңылыктар
Акжол Махмудов колумбиялык балбан менен күч сынашат
Күрөш
Акжол Махмудов колумбиялык балбан менен күч сынашат

Акжол Махмудовдун Олимп оюндарындагы атаандашы белгилүү болду. Балбан бүгүн, 7-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакка чейинки спортчулар менен күч сынашат.

Коло медаль үчүн күрөштөгү Акжолдун атаандашы 31 жаштагы Колумбиянын спортчусу Алексис Муньоз. Ал Түштүк Америка оюндарында 2 жолу алтын медалга ээ болгон (2018, 2022). Панамерикалык чемпионатта бир нече жолу коло, күмүш медалдарга татыган. 2024-жылы Панамерикалык чемпионатта алтын медаль утуп, Олимпиадага жолдомо алган.

Эске салсак, 6-августта Акжол Махмудов чейрек финалдык баскычта килемге чыгып, 77 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык спортчу Демеу Жадраевтен утулуп калган. Казакстандык спортчу жарым финалда азербайжандык атаандашын утуп, Акжол Махмудов коло медаль үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды.