Жаңылыктар
Үзүр Жузупбековдун атаандашы Панамерикалык чемпионаттын 3 жолку чемпиону
Күрөш
Үзүр Жузупбековдун атаандашы Панамерикалык чемпионаттын 3 жолку чемпиону

Бүгүн, 7- августта Олимпиадада балбан Үзүр Жузупбеков килемге чыгат.

Кыргыз спортчусу АКШлык Джозеф Патрик Рау менен 97 килограмм салмак ченинде күч сынашат.

Үзүр Жузупбековдун атаандашы 33 жашта. АКШнын Ачык чемпионатынын эки жолку чемпиону (2016, 2019). Панамерикалык чемпионатта 3 жолу алтын медалга ээ болгон (2015, 2020, 2023).

Эске салсак, 6-августта кыргыз балбаны 1/8 баскычта алгач литвалык спортчуну жеңген. Кийинки баскычта ирандык Мохаммад Хади Саравиге утулуп калган. Ирандык спортчу жарым финалда египеттик Мохамед Хаберди жеңип, Жузупбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө жол ачылган.