Жаңылыктар
М.Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген статус ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
М.Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген статус ыйгарылды

 Президент Садыр Жапаров “Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген статус ыйгарылсын жана мындан ары "Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.