Жаңылыктар
Балбан Бекзат Алмаз уулунун алгачкы атаандашы аныкталды
Күрөш
Балбан Бекзат Алмаз уулунун алгачкы атаандашы аныкталды

Париждеги Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулунун алгачкы атаандашы аныкталды.

Ал 8-августта эркин күрөш боюнча мелдеште 57 кг чейинки салмакта күч сынашат.

1/8 финалда кыргызстандык спортчу казакстандык спортчу Мейрамбек Картбай менен беттешет.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.

Мейрамбек Картбай 27 жашта, 2024-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында коло медаль уткан.