Жаңылыктар
Бүгүн Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгат
Күрөш
Бүгүн Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Бүгүн,  8-августта Париж Олимпиада оюндарында Амантур Исмаилов коло медаль үчүн  күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Ал  грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмак категориясында сербиялык Мате Немеш  менен беттешет.

Бул  беттеште кыргыз балбаны Амантур Исмаилов жеңишти камсыздаса, ага коло медаль  үчүн күрөшүүгө жол ачылат.

Кыргызстандык балбан беттештерин 1/8 финалдан баштап, Грузиянын спортчусу Рамаз Зоидзени мөөнөтүнөн мурда 12:1 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда Исмаилов украиналык Парвиз Насибов менен килемде жолугуп, 7:6 упай менен жеңишти колдон чыгарып жиберген.

Украиналык спортчу финалга чыгып, Исмаиловго коло медаль үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк берилген.