Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборунда жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
 Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборунда жыйын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгынын негизги аспектилери каралып, шаарды жылуулук менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо чаралары, оңдоо иштеринин жүрүшү, модернизациялоо, эффективдүүлүктү жогорулатуу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Акылбек Жапаров борбор калаанын тургундарын кыш мезгилинде жылуулук менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн бардык системаларды жана инфраструктураны өз убагында даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Объектилерди даярдоону тездетүү, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана оңдоо иштеринин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

МинКаб Төрагасы ошондой эле ЖЭБдин аймагында жайгашкан “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал өндүрүштүк жайларын карап чыгып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү маселелерине токтолду. Бул завод саатына 180 тоннага чейин продукция чыгарат.

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда болгон жумушчу жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.