Жаңылыктар
Үй-бүлөлүк, сексуалдык, гендердик зомбулуктан коргоо боюнча Мыйзамдарга өзгөрүү кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Үй-бүлөлүк, сексуалдык, гендердик зомбулуктан коргоо боюнча Мыйзамдарга өзгөрүү кирди

Президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырууну жоюу, кылмыштуу зомбулуктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле кылмыш ишин жана сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыш иштер боюнча өндүрүштү алып барган кызмат адамдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.

Мыйзам тарабынан берилген маселелерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук базуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.