Жаңылыктар
Депутаттар айдоочу менен кызматтык унаадан гана баш тартышты
Саясат
Депутаттар айдоочу менен кызматтык унаадан гана баш тартышты

Жогорку Кеңештин депутаттары артыкчылыктардын ичинен кызматтык унаадан жана айдоочудан гана баш тартышты. Бирок эл өкүлдөрүндө КЖ номерлери калтырылмай болду. Мындай чечимди палата Жогорку Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруу жана чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссиянын жыйынтыгын жабык эшик артында карагандан кийин кабыл алды.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында жабык жыйында артыкчылыктар тууралуу маселе бир топ кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Маалым болгондой мындан улам депутаттар ар бир беренеге өзүнчө добуш беришти. Ошентип добуш берүү менен эл өкүлдөрү өзүлөрүнө кызматтык үйлөрдү, жардамчы менен кеңешчилерди калтырды.