Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Өз сөзүндө Акылбек Жапаров Президенттин иш башкармалыгынын жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлерин маараке менен куттуктап, алардын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана өз ишине берилгендиги мамлекеттик аппараттын туруктуу жана натыйжалуу ишинин ачкычы экенин белгиледи. Президенттин иш башкармалыгы мындан ары да өлкөнүн өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошуп, алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү чече берерине ишенимин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Президенттин иш башкармалыгынын жана ведомствого караштуу мекемелердин бир катар кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Ардак грамота жана Ыраазычылык барактарын тапшырды.