Жаңылыктар
Бүгүн Айсулуу баштаган 3 спортчу килемге чыгат
Спорт
Бүгүн Айсулуу баштаган 3 спортчу килемге чыгат

Бүгүн, 9-августта Айсулуу Тыныбекова, Айаал Лазарев жана Бекзат Алмаз уулу килемге чыгат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынаша турган Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешин нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен каршы өткөрөт.

Эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта чыга турган кыргызстандык балбан Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен күрөшөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.

Ал эми Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берген көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт.

Кыргыз балбаны 57 кг салмак ченинде кытайлык Ванхао Жу менен күрөшөт.

Ал буга чейин казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, андан кийин чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Лиге утулуп калган.

Бекзат Алмаз уулунун америкалык атаандашы жарым финалда өзбекстандык спортчу менен болгон күрөштө финалга чыгып, кыргыз балбанына коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Беттешт Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.