Жаңылыктар
Министрлик: “Спортчулар тамактанып отурган видео Парижде тартылган эмес”
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлик: “Спортчулар тамактанып отурган видео Парижде тартылган эмес”

Учурда социалдык тармактарда Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында спорчулардын тамак-ашы тууралуу тараган видеосу талкууга жем таштады.

Бул боюнча Маданият министринин орун басары Марат Тагаев комментарий берди.

Анын айтымында, талкуу жараткан тасма Бишкектеги муз аянтынан тартылган.

«Социалдык тармактарда кыргызстандык спортчулар Парижде тамак жеп отургандары тууралуу жалган видео тарап жатат. Бул видео Парижде эмес, Бишкектеги муз аянтында тартылган. Ал жерде ушул жылы Азия чемпионаты өткөн. Биздин спортчулар дал ушул жерде күрөштөн кийин тамактанып, эс алып отурушкан. Андыктан, соцтармактарда тараган тасма жалган экенин билдирип кетким келет. Жада калса Үзүр Жузупбековдун да интервьюсун бурмалашты. Мындай жалган маалыматтарды таратып, элибиздин маанайын бузган кечирилгис нерсе. Аларга атайын тийиштүү чаралар көрүлүшү керек», - деп билдирди Тагаев