Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Мушкер Өзбекстандын куржунуна 3-алтын байгени алып келди
Спорт
Олимпиада-2024: Мушкер Өзбекстандын куржунуна 3-алтын байгени алып келди

Өзбек мушкери Хасанбой Дусматов Жайкы Олимпиада оюндарында бокс боюнча 51 килограммга чейинки салмакта чемпион болду.

Мушкер финалдык беттеште Биллал Беннама менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңген. Мындан улам Хасанбой Дусматов өз өлкөсүнүн куржунуна 3-алтын байгени алып келди. 31 жаштагы мушкер 2016-жылы Рио-де-Жанейро Олимпиадасында да чемпион болгон.

Азыркы учурда коңшу өлкөнүн капчыгында 3 алтын жана 2 коло бар. Өзбекстан жалпы медалдардын саны боюнча 18-орунга чыкты.