Жаңылыктар
Президент Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты.

Иш-чарада көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгисин тапшыруу аземи өттү.