Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты
Спорт
Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 9-августта Париждеги өтүп жаткан Олимпида оюндарында Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда килемге чыкты.

Ал кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 62 килограмм салмак ченинде күч сынашты.

Кыргыз балбан кызы нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшүп, аны 5:1 упай менен жеңип, чейрек финалга чыкты.