Жаңылыктар
Казак спортчусу Елдос Сметов өзүнө берилген жаңы унааны машыктыруучусуна белек кылды
Спорт
Казак спортчусу Елдос Сметов өзүнө берилген жаңы унааны машыктыруучусуна белек кылды

Париж Олимпиадасынын чемпиону, казакстандык дзюдочу Елдос Сметов өзүнүн биринчи машыктыруучусуна жаңы автоунаа белек кылды.

Бейшемби күнү Олимпиада чемпиону кичи мекенине барды, аны жердештери жылуу маанайда тосуп алышты. Райондун акими Сметовго жаңы автоунаа тартуулады.

Жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөгөн Елдос бул унааны өзүнүн биринчи машыктыруучусу Ахмет Жумагулга белек кылууну чечкенин, ал буга чейин пенсияга чыгып, бирок баары бир балдарды машыктырууну улантып жатканын айтты.

"Мына чыныгы Олимпиада чемпиону! Мен бул адамга абдан ыраазымын. Чоң рахмат! Бул да аздык кылат..."- деди Олимпиаданын үч жолку медалынын ээси.

Белгилей кетсек, Елдос Сменов Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 60 килограмм салмакта дзюдо боюнча алтын байке уткан.