Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт
Спорт
Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 9-августта Париж Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова жарым финалда килемге чыкты.

Анда кыргыз балбан кызы 26 жаштагы украиналык Ирина Коляденко менен беттешти. Ал атаандашынан 9:2 упай менен жеңилип калды. Эртең коло байге үчүн күч сынашат.

Эске салсак, Тыныбекова 1/8 финалдык беттеште нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшүп, аны 5:1 упай менен жеңип, чейрек финалга чыккан.

Ал эми 1/4 финалдык беттеште АКШлык Кайла Миракл менен күрөшүп, упай 6:6 болгон, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу тарапта болгондуктан жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.