Жаңылыктар
Бекзат Алмаз уулу коло үчүн күрөштө жеңилип калды
Спорт
Бекзат Алмаз уулу коло үчүн күрөштө жеңилип калды

Бүгүн, 9-августта Париж Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча Бекзат Алмаз уулу килемге чыкты.

Ал 57 килограмм салмак ченинде өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен беттешип, 1:5 упай менен жеңилип калды.

Эске сала кетсек, кыргыз балбаны буга чейин 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, ал эми чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Лиге утулуп калган.

Бекзат Алмаз уулунун америкалык атаандашы жарым финалда өзбекстандык спортчу менен болгон күрөштө финалга чыгып, кыргыз спортчусуна коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Көңүл жубатуучу беттеште кытайлык атаандашы Ванхао Жу менен кез келип, 7:4 эсебинде жеңишти камсыздаган.