Жаңылыктар
Бүгүн Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешке чыгат
Спорт
Бүгүн Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешке чыгат

Бүгүн, 10-августтан 11-августка караган түнү саат 01:30да мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешке чыгат.

Анын атаандашы Азия, Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону, 24 жаштагы өзбекстандык Абдумалик Холоков.

Мунарбек Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.

Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга өткөн. Кийинки баскычта америкалык спортчу Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда кыргыз мушкери атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен күч сынашып, финалга чыккан. Эми алтын медаль үчүн беттешет.