Жаңылыктар
Айаал Лазарев спорттогу карьерасын жыйынтыктады
Кыргызстан жаңылыктары
Айаал Лазарев спорттогу карьерасын жыйынтыктады

Бүгүн, 10-августта Париждеги Олимп оюндарында Айаал Лазарев түркиялык Таха Акгүл менен килемге чыкты.

Алар эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта беттешип, атаандашынан 0:7 эсебинде утулуп калды.

Беттештин аягында 38 жаштагы кыргызстандык спортчу Айаал Лазарев килемдин үстүндө бут кийимин чечип, карьерасын жыйынтыктады.


Аны менен катар эле анын атаандашы 34 жаштагы түркиялык балбан Таха Акгүл дагы карьерасын жыйынтыктады.


Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону жана Дүйнөлүк Кубоктун ээси. Олимпиада оюндарынын катышуучусу (Рио - 2016, Токио – 2020). Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери, Азиянын чемпиону - Азия чемпионатынын коло медалынын ээси, Кыргызстандын 10 жолку чемпиону.