Жаңылыктар
Олимпиаданын жабылуу аземинде А.Махмудов менен А.Тыныбекова желек көтөрүп чыгат
Спорт
Олимпиаданын жабылуу аземинде А.Махмудов менен А.Тыныбекова желек көтөрүп чыгат

Бүгүн, 11-августта Франциянын борбору Парижде XXXIII Жайкы Олимп оюндарынын жабылуу аземи өтөт. Салтанат «Стад де Франс» стадионунда болот.

Спортчулардын парадында Кыргызстандын желегин балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыгат. Экөө тең Париж Олим оюдарында коло медалдын ээси болушту.

Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышты. Алар спорттун беш түрү: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо оюндары боюнча күч сынашты.

Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынышты. Ал эми Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болушту.

Жыйынтыгында Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, 84 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.