Жаңылыктар
Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылды

Кечээ, 11-августта Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөрдү каптаган.

Саат 09:00гө карата маалыматка ылайык, Ысык-Көл районуна селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө ƟКМден 60 куткаруучу, 3 мотопомпа, мындан сырткары Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнөн 20 аскер кызматкер, Ысык-Көл районунун Жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, мэриядан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 2 жүктөгүч, жеке менчик 2 самосвал, 2 Хово тартылган. 

Ошондой эле жеринде ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп жатат.