Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Медалдардын саны боюнча кайсы өлкөлөр алдыда?
Спорт
Олимпиада-2024: Медалдардын саны боюнча кайсы өлкөлөр алдыда?

Париж шаарында өткөн ХХХІII Жайкы Олимпиада оюндарында АКШ медалдардын саны боюнча биринчи орунду ээледи. Маалымат Олимпиаданын расмий сайтына жарыяланды.

АКШ спортчулары 40 алтын, 44 күмүш жана 42 коло медаль алган. Экинчи орунду Кытай ээледи: 40 алтын, 27 күмүш, 24 коло медаль. Япония 20 алтын, 12 күмүш жана 13 коло медалдар менен үчүнчү сапка жайгашты.

Ал эми Кыргызстан 68-орунду ээледи. Куржунда 2 күмүш, 4 коло медаль бар.

Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышты.