Жаңылыктар
Парижде XXXIII жайкы Олимпиада жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Парижде XXXIII жайкы Олимпиада жыйынтыкталды

Франциянын борборундагы "Станд де Франс" стадионунда мелдештин жабылыш аземи өттү. Иш-чарада Париж 2024-жылдагы Олимпиада өткөрүү укуктарын 2028-жылды утурлай Лос-Анжелеске салтанаттуу түрдө тапшырды. Эми туура төрт жылдан кийин XXXIV жайкы Олимпиада оюндары АКШда өтмөй болду.

Бул ирет Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына 206 мамлекеттен 10 миң 500 спортчу катышты. Анда спорттун 45 түрү боюнча 329 медалдардын топтому ойнотулду.

Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты.

Жалпысынан Кыргызстан Олимпиадада 6 медаль - 2 күмүш, 4 коло утту.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңди, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков, 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту. Муну менен Олимпиаданын тарыхында Кыргызстан 14 медалга ээ болуп калды.

206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча алдыңкы бештикке Кытай, АКШ, Австралия, Япония, Франция кирди. 1-орунда 126 медалы менен АКШ жайгашса, 2-орунда 91 медалы менен Кытай, 3-орунда 45 медалы менен Япония, 4-орунда 53 медалы менен Австралия, 64 медалы менен 5-орунду Франция ээледи.

6 медалы менен Кыргызстан 68-орунга чыкты.

Ал эми коңшу Казакстан 7 медалы менен 43-орунда, Өзбекстан 13 медалы менен 13-орунда турат.

Ири таймаш Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өттү.

Эми 28-августтан 8-сентябрга чейин Паралимпиадалык оюндар орун алмакчы.

Кыргызстандын төрт спортчусу Париждеги Паралимпиада оюндарына аттанышат. Алар пара спортунун төрт түрү боюнча беттештерге чыгат. Миргүл Болоталиева пара пауэрлифтинг, Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика, Маматибраим Суранов пара дзюдо, Айтунук Жоомарт кызы пара триатлон боюнча мелдештерге катышат.