Жаңылыктар
УКМК Көлбаевдин иши боюнча казакстандык дагы бир ишкерге издөө жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Көлбаевдин иши боюнча казакстандык дагы бир ишкерге издөө жарыялады

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкери, "Симирам" эс алуу борборунун ээси Таиров Ясынжан Ниязович изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген К.Асанбектин "мыйзамдагы ууру" уюшкан кылмыштуу тобунун ишин казакстандык ишкер - Таиров Ясынжан Ниязович тарабынан каржылоо фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, Я.Таиров К.Асанбектин мыйзамсыз аракеттеринен, тагыраагы рэкет, опузалап акча каражаттарын системалуу түрдө алуу, кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден жыйым алуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугу жөнүндө билип туруп, колдоо алуу максатында КР аймагында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн аны менен байланыш түзгөн.

Мындан тышкары, Я.Таиров "Мыйзамдагы ууру" К. Асанбектин кылмыш ишин каржылоо максатында ага 200 миң АКШ доллары суммасындагы акча каражатын бергени аныкталган.

Ошондой эле "Симирам" эс алуу борборунун ээси уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө алардын эс алуусун уюштуруу үчүн коттедждерди жана номерлерди туруктуу негизде берип турган. Мындан тышкары, маалыматтарга караганда Я.Таиров К.Асанбекке ар кандай майрамдык салтанаттарды жана иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруусун көрсөтүп, кымбат-баалуу белектерди берип турган.

Белгилей кетсек, Я.Таиров менен "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин жолугушуулары Чолпон-Ата шаарында К.Асанбекке жана ага аффилирленген жактарга таандык болгон "Барс" комплексинин аймагында өткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Я.Таировго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып алынган, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" Улуттук борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланган.