Жаңылыктар
Бишкекте жыл башынан бери баалардын максималдуу өсүшү катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жыл башынан бери баалардын максималдуу өсүшү катталды

Үстүбүздөгү жылы январь-июлда (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Жумалиевдин айтымында, анын ичинен алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки каражаттарынын баасы 7%га, азык-түлүк эмес тоарлардын баасы 2,4%га, тамак-аш азыктарынын жана алкоголдук суусундуктардын баасы 0,8%га жана калкка кызмат көрсөтүү тарифтери 3,7%га өскөн.

"Бул аралыкта керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусундагы 0,4%га төмөндөөнү кошпогондо республиканын бардык аймактарында байкалган", - деди ал.

Ошентип баалардын максималдуу 3,2% өсүүсү Бишкек шаарында катталган.