Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Күмүш медаль үчүн 10 млн, коло үчүн 7 млн сом
Спорт
Олимпиада-2024: Күмүш медаль үчүн 10 млн, коло үчүн 7 млн сом

Париждеги Олимп оюндарында күмүш медаль тагынган кыргызстандык спортчуларга 10 миллион сомдон сый акы берилерин Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Күмүш байгеге Мээрим Жуманазарова (күрөш), Мунарбек Сейитбек уулу (бокс) татышкан.

Ал эми коло байге ээлери 7 миллион сомдон алышат. Алар балбандар Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова.

Ошондой эле машыктыруучуларга жана дарыгерлерге да сый акы каралган.