Жаңылыктар
Олимпиада-2024: Эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спортчулары эң көп медаль алышты
Спорт
Олимпиада-2024: Эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спортчулары эң көп медаль алышты

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Париж Олимпиадасында кыргыз спортчулары эң көп медаль алышты. Кыргыз курама командасы 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болду.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында эң алгачкы байгени 2000-жылы Сидней Олимпиадасында дзюдо боюнча Айдин Смагулов алып келген.

Бээжин Олимпиадасында кыргыз спортчулары бир күмүш (Канатбек Бегалиев - күрөш), эки коло (Руслан Түмөнбаев, Базар Базаргуруев - күрөш) жана Токио Олимпиадасында эки күмүш (Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова - күрөш), бир коло (Мээрим Жуманазарова - күрөш) медаль алышкан.

Париж Олимпиадасында Кыргызстан медалдардын саны боюнча 68-орунга ээ болду. Күмүш байгелерге Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулу, коло байгелерге Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова ээ болду.