Жаңылыктар
ЖОЖдорго тандоонун акыркы туру башталды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖОЖдорго тандоонун акыркы туру башталды

Бүгүн, 12-августта 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун акыркы V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абитуриенттерди кабыл алуу 14-августта саат 14:00дө аяктайт.

Каттоо https://2020.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, ЖОЖдорго I, II, III, IV турда жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды.