Жаңылыктар
Өлкөдө жумушсуздардын саны жарым жылда 17 миңге азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жумушсуздардын саны жарым жылда 17 миңге азайды

Кыргызстанда ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 620 адамга азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги билдирет.

Учурда республика боюнча 81 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат.

Жыл башынан бери 6,3 миңден ашуун адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 5,8 миң адам жөнөтүлгөн.