Жаңылыктар
Олимпиадага катышкан спортчулардын саны жана медалдардын пайыздык өлчөмү боюнча Кыргызстан 1-орунда
Спорт
Олимпиадага катышкан спортчулардын саны жана медалдардын пайыздык өлчөмү боюнча  Кыргызстан 1-орунда

Кыргызстан Олимпиадага катышкан спортчулардын саны жана алган медалдары боюнча пайыздык өлчөмдө биринчи орунду ээледи. 

Парижге Кыргызстандан 16 спортчу барып, алтоо медалга ээ болушкан. Алардын экөө күмүш, төртөө коло медаль. Пайыздык көрсөткүч боюнча Кыргызстан биринчи болду.

Мисалы, Казакстандан Олимпиадага 79 спортчу катышып, алар 7 медалга ээ болушкан.

Ошондой эле медалдык эсепте грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама Иран менен Кубадан кийинки үчүнчү орунду ээледи.

Мындан сырткары, Олимпиадада Кыргызстан биринчи жолу бокс боюнча медалга ээ болду.

Жыйынтыгында 200дөн ашык өлкөнүн ичинен Кыргызстан 68-орунду ээледи.