Жаңылыктар
2028-жылы Жайкы Олимп оюндары Лос-Анжелесте өтөт
Спорт
2028-жылы Жайкы Олимп оюндары Лос-Анжелесте өтөт

Парижде XXXIII Жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. Кечээ, 11-августа Франциянын борборундагы "Станд де Франс" стадионунда мелдештин жабылуу аземи өттү.

Иш-чарада 2028-жылы Олимпиада өткөрүү укуктары Лос-Анжелеске салтанаттуу түрдө тапшырылды. Эми туура төрт жылдан кийин XXXIV жайкы Олимпиада оюндары АКШда өтмөй болду.

Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган. Бул ирет Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына 206 мамлекеттен 10 миң 500 спортчу катышты. Анда спорттун 45 түрү боюнча 329 медалдардын топтому ойнотулду.

Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышты. Алар спорттун беш түрү: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо оюндары боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, 84 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.

206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча алдыңкы бештикке Кытай, АКШ, Австралия, Япония, Франция кирди. 1-орунда 126 медалы менен АКШ жайгашса, 2-орунда 91 медалы менен Кытай, 3-орунда 45 медалы менен Япония, 4-орунда 53 медалы менен Австралия, 64 медалы менен 5-орунду Франция ээледи.

Ал эми коңшу Казакстан 7 медалы менен 43-орунда, Өзбекстан 13 медалы менен 13-орунда турат.

Ири таймаш Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өттү.