Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Чолпон-Ата шаарында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди

Чолпон-Ата шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу журналисттерге шаардын мэри Данияр Сатаров билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими кечинде алынышы мүмкүн. «Селдин кесепеттерин жоюу жана туристтер үчүн шарттарды түзүү иштери жүрүп жатат», — деди Данияр Сатаров.

Эске сала кетсек, 11-августта Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде сел жүргөн. Чолпон-Ата шаарындагы Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү жана Бостери айылдарында 17 үйдү суу каптаган. Мындан тышкары «Кооператив куруучу» эс алуу шаарчасына баруучу көпүрө бузулган.