Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова:"Медаль албай калган спортчулар кейибегиле!"
Спорт
Мээрим Жуманазарова:"Медаль албай калган спортчулар кейибегиле!"

Бүгүн, 13-августта Париж Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар мекенине кайтып келишти. Учурда аларды салтанаттуу тосуп алуу жана сыйлоо аземи өтүп жатат.

Олимпиадада күмүш байге багындарган Мээрим Жуманазарова жаш өсүп келе жаткан спортчуларга ийгилик каалап, өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

“Урматтуу кыргыз элим! Бул биздин эле жеңиш эмес, жалпы элимдин жеңиши. Баарыңыздарды жеңишиңиздер менен куттуктайм! Учурдан пайдаланып машыктыруучуларыма, дарыгерлерге, федерацияга жана мени тарбиялаган ата-энеме ызаазычылык билдирем. Алар болбосо биз бул жерде турбайт болчубуз. Ошондой эле Президентибиз Садыр Нургожоевичке да терең ыраазычылык билдирем, спорттту жакшы колдоп берип жатасыз. Биз үмүтүңүздөрдү кичине болсо да актап жатабыз деген ойдомун. Жаш өсүп келе жаткан спортчуларга ийгилик каалайм. Ал эми биздин катарыбыздагы медаль албай калган спортчулар эч качан кейибегиле, кудай буюрса, кийинки Олимпиадада чоң ийгиликтерди жаратабыз”,-деди балбан кыз Мээрим Жуманазарова.