Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков: "Талыкпай эмгектенип, 2028-жылы алтынга жетебиз"
Спорт
Жоламан Шаршенбеков: "Талыкпай эмгектенип, 2028-жылы алтынга жетебиз"

Бүгүн, 13-августта Олимпиада оюндарына барган спортчулар Кыргызстанга кайтып келишти. Турдакун Усубалиев атындагы аянтта кыргыз курама командасынын мүчөлөрүнө жана машыктыруучуларына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Анда коло байгени багындырган Жоламан Шаршенбеков сөз сүйлөп, колдоо көрсөткөн жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

"Париж-2024 Олимпиадасында бир гана өзүбүз уттук десек жаңылыштык болот. Ийгилигибизге кыргыз элинин, машыктыруучулардын, федерациянын салымы чоң, баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Медаль алгандарды чын жүрөктөн куттуктайм, албай калган спортчулар муңайбагыла! Буюрса, талыкпай эмгектенип, 2028-жылы алтынга жетебиз деген үмүтүм бар. Кыргыз элине чоң рахмат, алыста болсок да колдооңуздарды сезип жаттык",-деди балбан Жоламан Шаршенбеков.