Жаңылыктар
Үзүр Жузупбеков: “Олимпиада Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мамилесин чыңдады”
Спорт
Үзүр Жузупбеков: “Олимпиада Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мамилесин чыңдады”

Бүгүн, 13-августта Олимпида оюндарына барган спортчулар Кыргызстанга кайтып келишти. Учурда аларга жана машыктыруучуларга сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Кеченин алкагында коло медалга ээ болгон Үзүр Жузупбеков быйылкы өткөн Париж Олимпиадасын Орто Азиядагы биримдиктин жана достуктун символу деп атады. 

“Бизди колдоп турганыңыздарга рахмат, биз сезип турдук, баарыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз. Азыркы Олмипиада оюндары Орто Азияда биримдиктин, достуктун символу болду. Анткени Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук мамилелерин улай бири-бирине колдоо көрсөтүп турушту. Спорт - дүйнөнүн элчиси. Бүгүн кыргыз эли балбандары менен жакшы ийгиликтерге жетти деп толук айта алабыз. Буюрса, ушундай иш-аркеттер менен кийинки Олимпиадада алтын алып келебиз деп ойлойм. Спортчулардын медаль алуусуна салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиребиз”,-деди Жузупбеков.