Жаңылыктар
Олимпиадага катышкан спортчуларга автоунаа жана акчалай сыйлык берилди
Спорт
Олимпиадага катышкан спортчуларга автоунаа жана акчалай сыйлык берилди

Бугүн, 13-августта Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Олимпиададан кайтып келген спортчуларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага Президент Садыр Жапаров катышты.

Күмүш медаль алган Мунарбек Сейитбек уулу менен Мээрим Жуманазаровага 10 млн сомдон жана бирден автоунаа ыйгарылды.

Коло байге алган Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбековага 7 млн сомдон жана бирден автоунаа берилди.

Ал эми Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмаз уулу, Амантур Исмаиловго 1 млн сомдон жана бирден унаа берилсе, Айбек уулу Кубанычбек, Елизавета Печерских, Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов 500 миӊ сом жана бирден автоунаа менен сыйланышты. 

Мындан тышкары, дарыгерлерге жана машыктыруучуларга дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.