Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиадага катышабы?
Туризм
Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиадага катышабы?

Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиадага катышабы же жокпу ойлонуу үчүн убакыт керектигин маалымат жыйынында билдирди.  

Айтымында, тизесинен жаракат алганына карабастан коло медалга ээ болгон.

“Олимпиадада күрөшпөй каламбы деп да ойлогом. Тиземден жаракат алгам. Ушундай абалда коло байге алып келүү мага сыймык. Килемдин үстүндө чарчаганымды сездим. Азыр да чарчап турам. Бир айбы, үч айбы же жарым жылбы мага ойлонууга убакыт керек. Эс алгандан кийин туура жооп айта алам”,-деди Тыныбекова.