Жаңылыктар
4-февраль бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү
Кыргызстан жаңылыктары
4-февраль бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү

Кыргызстан быйыл үчүнчү ирет бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү белгилеп жатат. Буга карата БШКнын имаратында окуучулар менен студенттердин катышуусунда майрамдык салтанат уюштурулду. 

Алар Боршайкомдун иши менен таанышып, имаратты кыдырып чыгышты. Талкуулар уюштурулуп, кызыккан суроолоруна жооп алышты. 2008-жылы Европанын шайлоо өткөрүүчүлөр ассоциациясынын Будапештте өткөн конференциясында февраль айынын алгачкы бейшембиси дүйнөлүк шайлоолор күнү болсун деген чечим кабыл алган. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2010-жылдан бери бул уюмдун анык мүчөсү. 

“Ар бир жаран бул шайлоодон теске албайт себеби биздин Конституцияда бийлик элге таандык деп айтылат бул сөздүн көбүбүз эле түшүнбөй ар кандай трактовка кыла беребиз. Элдин бийлиги эмне эл ошол өзүнүн добушу менен өзүнүн катышуусу менен бийлик бутактарынын шайлайт. Ошондуктан ошол эң негизги бийлик бул эле деген ошол шайлоолорго байланыштуу. Ошондуктан муну мен бул майрамды баардык кыргызстандыктардын жалпы майрымы деп эсептейт элем"- деп билдирди БШК мүчөсү Жеңиш Акматов.

Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө эл бийлик бутактарын шайлоо жолу менен тандайт. 2015-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде алгачкы жолу Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы технология менен өткөрүлдү. Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өткөн шайлоо ачык, таза жана акыйкат өттү-деген бааларын эл аралык байкоочулар берген.