Жаңылыктар
Айдоочулук күбөлүк үчүн 50 миң пара талап кылган мугалим кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочулук күбөлүк үчүн 50 миң пара талап кылган мугалим кармалды

Ошто унаа мектебинин мугалими опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал жарандан “экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып беремин” деп 50 миң сом пара талап кылып, анын 40 миң сомун унаа мектептин алдында алып жаткан жеринен кармалды.

Бул факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иш козголгон.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.