27-сентябрдан тарта мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы аймактар ортосунда каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, Канададан келчү Dash-8-400 учактары Талас, Нарын, Каракол жана башка шаарларга учуп баштайт.
Билет баасы 2000 сомдон башталат. Бул баа жеке компанияларга караганда арзан болот.