Жаңылыктар
Аба-ырайы: 15-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Аба-ырайы: 15-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт

Эртең, 15-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын  температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус ысыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүн биринчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 37…39° ысык болот.