2024-жылга карата республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каржылоого 1 миллиард 439 миллион сомдон ашуун каражат каралган:
-149 мектептин курулушуна - 844,4 млн сом;
-87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого - 21,2 млн сом;
-78 мектепти капиталдык оңдоого - 226,1 млн сом;
-63 бала бакча курууга - 306 млн сом;
-42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого - 11,8 млн сом;
-12 бала бакчаны капиталдык оңдоого - 30 млн сом.
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоодон өттү.