Ушул жылы Президент Садыр Жапаров “Келечекке салым” мамлекеттик балдар салымын киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Жарлыкка ылайык, “Айыл Банк”ачык акционердик коомунда жетим балдар үчүн аманаттарды ачуу каралган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Келечекке салым» балдар депозитинин жобосу бектилгенин билдирди.
Маалыматка караганда, бала 18 жашка чыкканда, депозитте 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмдө топтолгон каражаттар анын тандоосу боюнча билим алууга же ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга чыгымдарга каралган.
“Келечекке салым” депозитин ачуу жарандардын жеке кайрылуусунун зарылдыгы жок, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен “Айыл Банк” ААКтын алдында гана демилгелүү тартипте ишке ашырылат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жеткиликтүү байланыш каражаттары (почта, электрондук почта) аркылуу “Келечекке салым” депозитинин банк эсебинин номери тууралуу кабарланат.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 2 853 жетим бала жашайт.