Бүгүн, 15-августта Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды.
Мелдешке 14 мамлекеттен келген 250 дөн ашык спортчу катышууда.
Килемде спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 71, 88, +98 кг салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 64, 79, 98 кг салмакта жана кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 54, 59,72, 80 кг чейинки салмакта категорияларында беттештер өтөт.
Бүгүн чыга турган улуттук курамдын тизмеси:
Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):
- 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;
- 59 кг Аида Асанбекова, Улара Карыпбекова;
- 72 кг Динара Камчибекова, Адинай Алмазова
- 80 кг Назима Амантурова,
Спорттук самбо (эркектер арасында):
- 58 кг Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу
- 71 кг Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;
- 88 кг Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;
- +98 кг Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):
- 64 кг Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;
- 79 кг Элзар Орозалиев, Вахап Абдуллаев;
- 98 кг Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Назаркулов.
Эске салсак салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.