Жаңылыктар
Кыргыз күрөшү боюнча Президенттик кубокко 200 спортчу катышат
Спорт
Кыргыз күрөшү боюнча Президенттик кубокко 200 спортчу катышат

22-23-августта Каба уулу Кожомкул атындагы  спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу, II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат болот.

Мелдештин биринчи күнү алп күрөш өтөт. Ага  Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.

Мелдешке  35 өлкөдөн келген 200 дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө. Жалпы байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында:

- 60 кг Бакберди Туратбек уулу, Сыматбек Алымбеков;

- 66 кг Арлен Эстебесов, Бекболсун Сатканкулов;

- 72 кг Бекбай Мамбетказиев, Малик Төлөгөнов;

- 78 кг Хабибулло Тынчтыкбек уулу, Айболот  Аманов;

- 84 кг Азизхан Мусабек уулу, Анвар Муратбек уулу;

- 90 кг Айдар Ботбаев, Баястан Идирисов;

- 96 кг Ноорузбек Мирланбеков, Асанкелди Нускасым уулу;

- +96 кг Ороз Алмазбеков, Бактияр Мирлан уулу.

Кыз-келиндер арасында:

- 60 кг Бегай Бешенаалы кызы,  Бегайым Акбалаева;

- 65 кг Аземи Камчыбекова, Айдана Кубанычбекова;

- +65 кг Назира Арзыбекова, Айкөл Зияпова.

Курама команда  башкы машыктыруучу Нурбек Кожобеков жана улук машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жететчилиги алдында мелдешке катышат.