Жаңылыктар
Паспортторду акысыз алмаштыруу боюнча акция 15 күндөн соң аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Паспортторду акысыз алмаштыруу боюнча акция 15 күндөн соң аяктайт

Паспортту акысыз алмаштыруу боюнча акция 15 күндөн соң аяктайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Учурда бардык жарандар өздөрүнүн эски үлгүдөгү паспортторун жаңы ID-карталарына акысыз алмаштыра алышат.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-июлунда башталган акция 31-августка чейин созулат.

Паспортту алмаштыруу себептерине карабастан, аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, же бузуу болобу, бардык жарандар үчүн ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. 2004-жылы берилген AN сериядагы, сары түстөгү ID-карталар гана алмаштырылат. 2017-жылы берилген паспортторду алмаштыруунун кажети жок”,-деп жазылган маалыматта.  

Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. Карталарды алмашуу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.