Жаңылыктар
Самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды
Спорт
Самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды

15-август күнү Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды.

Мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 5 медаль (1 күмүш, 4 коло) жеңишти.

64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.

Спорттук самбо боюнча 88 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана Фарух Мамаджанов, +98 кг чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов коло медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Бүгүн, 16-август күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 64, 79, 98 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 58, 71, 88, +98 кг чейинки салмак категориясында спортчулар килемге чыгат.

Кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 50 жана 80 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 54, 59, 65, 72, 80 кг чейинки салмакта беттештер өтөт.