Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда чагылган тийип 60 кой өлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда чагылган тийип 60 кой өлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Кырсык кечээ 15-августта саат беш жарымдар чамасында Кичи-Анги жайлоосунда болуп, күн күркүрөп, чагылган түшкөндө ал жакта жайылып жүргөн койлордун жарымы күйүп кеткен. Бактыга жараша, аларды кайтарып жүргөн чабан аман-эсен.Социалдык тармактарда жарыяланган видеотасманын авторунун айтымында, чабан элдин малын багып жүргөн. Кини-Аңги жайлоосуна техникалар жете албагандыктан, бүгүн Жарандык коргоо комиссиясынын өкүлдөрү кырсык катталган жерге ат менен бара турганы маалым болду.