Өзбекстандын ЖОЖдорунда гранттык негизде билим алуу үчүн Кыргызстанга 100 орунга квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өзбек тарап 2024-2025-окуу жылында Кыргызстандан студенттерди бакалавриат программаларына кабыл алууга даяр. Окутуу өзбек, орус жана каракалпак тилдеринде жүргүзүлөт.
Документ жиберүүнүн соңку мөөнөтү 2024-жылдын 24-августу.
Талапкерлердин тизмеси nurmatova.altynai@inbox.ru электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Толук маалымат үчүн байланыш номерлер: 0702 756 756, 0312 662198.