Жаңылыктар
10 миңден ашуун ишкерлер пайызсыз насыя алышты
Кыргызстан жаңылыктары
10 миңден ашуун ишкерлер пайызсыз насыя алышты

“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге  пайызсыз кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, берилген насыялардын жалпы суммасы 7 млрд 412 млн 87 миң 917 сомду түзгөн.

1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд 207 млн 233 миң 916 сом берилген.

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 441  ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 204 млн 854  миң сомду түзгөн.

Долбоор 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.